Menu

Президенттикке жулунган бекерпоздордон кутулбасак, дүйнөгө шылдың болгонубуз болгон…

Бөлүшүү:

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызматка талапкерлигин жылдырган жарандардын саны учурда 20га ооду. “Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт”,- дегендей, алардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү президенттик  шайлоону театралдаштырылган шоуга алмаштырып алышкандар, бекер жатканча эрмектеп турайын дешип…

Буларды 30 миң кол топтоо же 1 миллион сом күрөө тапшыруу чеги да токтото алган жок. Эгерде мыйзамга “талапкер болуп аттангысы келген адам 1 миллион сом күрөөнү арызы менен кошо тапшырыш керек”,- деген норма киргизе  турган болсок, минтип жулунган бекерпоздор армиясынан кутулат элек. Болбосо, дүйнөгө  шылдың  болгонубуз  болгон…

Учурда БШКга өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу арыз менен 17 жаран кайрылган. Алар: пенсионер Анвар  Сартаев, өзүн “Кыргызстандын № 1- патриотумун” деп жүргөн Назарбек Нышанов, башкы “ата-мекенчи” Өмүрбек
Текебаев, “Зима не будет” дегендин атвору Арстанбек Абдылдаев, “Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн  ссоциациясынын” төрагасы Бакыт Дегенбаев, “Маро” фирмасынын (Латвия Республикасы) Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси  Сайнидин Султанидинов, Кыргызстандагы Америка университетинин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева, “Генералы мира– за Мир” коомдук бирикмесинин эл аралык байланыштар боюнча консультанты Талантбек  Масадыков, ЖК депутаты, “РАЖ” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, жарандык активист Рита Карасартова,
экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, “мага Манас атабыз аян айтып, катышууну буйруду” деген Замира Муратбекова, Орусияда көп жыл мигрант катары эмгектенген мыкты жигит Санжар Энназаров, экс-губернатор, “ксдпчы”  Сагынбек Абдрахманов, “легендарлуу парламенттик” башында турган Мукар Чолпонбаев, “Байыркы көчмөн  цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” коомдук фондунун башкаруунун төрагасы  Кубан Чороев.

Үчөө саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн: Т.Сариев (“Ак-Шумкар”), Б.Төрөбаев – (“Өнүгүү-Прогресс”),  Турсунбек Акун (“Адам укугу”). Буларга жакынкы күндөрү кошула тургандар: Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан”), Сооронбай Жээнбеков (КСДП), Азимбек Бекназаров (“Элдик курултай” тарабынан) жана  Ахматбек Келдибеков (“Ата-Журт”) ж.б.

Эске салсак, июлдун 15инде КСДП, 18инде “Ата-Журт” саясий партияларынын курултайлары болот. Ошону менен  катар, 17синде бүткүл Элдик курултай президенттик жарышка Азимбек Бекназаровду аттандыруу алдында турат…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: