Menu

Чынында Атамбаев Чыныбай Турсунбековду колдойбу?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо биздин өлкөдө бул жолу татаал өтө турганы байкалып калды Анын негизги себепкери Атабаевдин өзү болуп жатканы өкүнүчтүү. Ал өз партиясынан С.Жээнбековду талапкер катары атаганы менен, ошол эле учурда өз партиясынан Ч.Турсунбековдун да өз алдынча шайлоого катышуусуна каршы эместигин элге ачык  жарыялап салды.

Мындай эки ача тандоо бийликти оппозицияга алдырып жибербештин айынан келип чыкты. Ошонун айынан бүгүн Атамбаев “түштүк шайлоочуларынын добушун бөл”- деп С.Жээнбековду өз партиясынын талапкер кылып көрсөтүп,  анан Ч.Турсунбековдун президент болуп шайлануусуна жол ачканы турат. Атамбаев мындай кылыгын 2010- жылы да көрсөткөн. Элдин эсинде бар, анда Атамбаев өзүнүн кол алдында бөжөңдөп кызмат кылган Жантөрө  Сатыбалдиевди президенттикке аттантып, анан Ж.Сатыбалдиев шайлоо башталарда өзү түзгөн Оштогу штабдардын  баарын Атамбаевдин штабына айлантып, анын президент болуп шайлануусуна көмөк көрсөткөн. Ошондуктан  С.Жээнбековдун алдында куралган түштүктөгү штабдардын баары, бул жолу да 2010-жылкыдай эле болуп,  Ч.Турсунбековдун штабына айланаары байкалууда.

Атамбаевдин мындай ишке барып жатканынын жүйөөлүү себептери бар. Түштүк шайлоочулары “үчилтикти” гана  колдойбуз деп катуу камынып жатышат. Ошондуктан Атамбаевдин командасы С.Жээнбековду эле “кукла” катары  колдонбой, ошол “үчилтиктин” бири А.Мадумаровду дагы “кукла” катары колдонууну көздөп, аны “А.Келдибеков менен К.Ташиевге бирикпей, өзүнчө шайлоого бар”- деп шыкап жатат.

Андай болбосо, “бул шайлоодо бөлүнбөй бирге болобуз”- деп үчөө бир-бирине жигитче сөз беришип, ал убадаларын күбөлөрдүн алдында ак кагазга түшүрүп кол коюшуп алгандан кийин, бүгүн А.Мадумаров “мен бул шайлоого өзүмчө  аттандым” деп элге жарыя салбайт эле да. Эгер А.Мадумаров: “мен ушул үч илтиктин атынан шайлоого аттандым” деп элге жарыя салса, анда Мадумаров жөнүндө “бийликтин арыгын чапканга өттү”- деп эл ичинде бүгүн кейиштуу  сөз кетпейт эле да.

Бийлик муну менен эле токтобой, А.Келдибековду “шайлоого катышууга укугу жок”- деп да жарыялап салды.  А.Келдибеков болсо, “менин шайлоого катышуумду же катышпасымды эл гана чечет”- деп жооп кайтарууда.  Ушунун баары, бул жолку шайлоонун тагдыры ошол “үчилтиктин” колунда экенинен гана кабар берет. Ошондуктан “үчилтик” өз биримдигин ичтен бузбай бекем турса, “үчилтик” таптаган талапкер президент болуп шайланууга  шансы чоң.

Байкасаңар, башка негизги талапкерлер тууралуу Атамбаев бүгүн бир дагы каршы кадамдарга барган жок. Себеби,  алардын накта кожоюну – Атамбаев. Атамбаев “шайлоого бар” десе алар шайлоого барышат, “шайлоодон чык” десе алар ошол эле күнү шайлоодон чыгышат. Атамбаевдин чекесине чыккан чыйкан бүгүн ошол “үчилтик” гана. Ошого туура баа берип, “үчилтик” бүгүн өз ынтымагын бузбай, бирге турушу абзел.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: