Menu

“Карабалта спирт заводу” сатыкка коюлду, баштапкы баасы 200 миллион сом

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экономикасы итке минген абалда экенин эч ким тана албайт. Учурда бийлик ээлери ооз көптүрүп мактанып жаткан иштердин 90 пайызы чет жактан алынган кредиттердин жана мамлекетке таандык майлуу-сүттүү  ишканаларды сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен жасалып жатканын эч ким тана албайт.

Ошентсе да, улам сатып эле келатканыбызга карабастан, бизде дагы сатыла турган кирешелүү тармактар арбын  окшойт. Ошолордун бири – Кара-Балтадагы спирт заводду учурда өкмөт сатууга шымалана киришип, ага баштапкы  баа катары 200 миллион сом чектеди.

Кара-Балта шаарында жайгашкан спирт заводуна караштуу жалпы аянты 10 миң 155,4 чарчы метрлик 1943-жылдан 2010-жылга чейинки курулуштар, 30 миң 319,49 чарчы метр жер тилкеси, унаа, жабдыктар, эмерек жана кеңсе  техникасы, болжолу менен 10го жакын транспорт каражаттары ушул баанын ичине киргизилген. Аукцион 14-августта саат 14:00дө өтөт.

Өкмөт аукцион ачык болуп, ага мамлекеттик мекемелерден башка бардык каалоочулар катыша аларын, эң көп сумма сунуш кылган жаран жеңүүчү катары табыларын билдирди. Эгерде эртеңки күнү бу спирт заводко жарыяланган  аукцион болбой калып, кийинкисинде арзандатылып болбогон баага бийликтеги аткаминердин биринин колуна өтүп кетсе, таң калбай эле койгула…

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: