Кыргызстан мамлекет болуп, Эгемендүүлүк алгандан бери ийнеден тартып, автомашинага чейин жалаң чет өлкөлөрдөн сатып алууда.
Айрыкча импорт товарлар Кытайдан келет. Бул атамекендик өндүрүш токтоп, экономикадагы терс көрсөткүчтү жаратуу же жумушсуздуктун күч алуусу дегендик. Ал эми быйыл ошол дүйнөдөгү экономикасы күчтүү деп саналган экинчи катардагы Кытайга бир топ айыл чарба азыктарын сатат экенбиз. Бул тууралуу өкмөт башчы С. Жээнбеков 7 – июлда Кытай эл республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учурда айтты. Мындан тышкары өкмөт башчы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, мал чарбасын өнүктүрүү жана экспортту өстүрүү менен байланышкан биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады. Демек, эт, сүт, картошка, балын кайда сатарын билбей, кошуна өлкөлөрдүн текшерүү органдарына кор болгон дыйкан, фермерлерибиздин бактысы ачылганы турат. Ошентип Кыргызстан Кытайга эт, сүт балык жана башка айыл чарба продукцияларын сата баштамакчы.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ