Amnesty International укук коргоо уюму Мосул шаары үчүн күрөштө Ирак армиясы менен АКШ башында турган эл аралык коалиция эл аралык гуманитардык укуктарды бузган болушу мүмкүндүгүн билдирди. Уюмдун кызматкерлери айрым жол берилген укук бузууларды «аскердик кылмыштарга» теңөөгө болорун билдиришүүдө.
Amnesty International 11-июлда жарыялаган баяндамада «Ислам мамлекети» тобунун командирлери тарабынан дагы гуманитардык укуктар одоно бузулганы белгиленген. Андагы маалыматка ылайык, жихадчылар жай тургундарды тирүү калканч катары пайдаланышкан.
10-июлда Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади Мосул шаары «Ислам мамлекетинин» жоочулары басып алынгандан үч жылдан кийин толугу менен жихадчылардан бошотулганын жарыялаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ