Menu

Журт атасы болом дегендерди кара күч менен муштумга таянгандар коштоодо

Бөлүшүү:

Албетте, азыркы учурда шайлоолорду, болгондо да президенттик үлкөн шайлоонун тагдырын акча чечери түшүнүктүү. Демек, эл да “ким канча акча чачат экен?”- деп карап турушат. Тилекке каршы эртең журт атасы болом дегендердин өздөрү же чачпагын көтөргөн сарбаздары акыл-эс, интеллект же президенттик программа, платформага эмес, кара күч менен муштумга таянып жатышыптыр. Ал тууралуу маалымат агенттиктеринин бири мындай деп жазды: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевди сындаган журналистти партиянын өкүлү Алишер
Мамасалиев партиянын штабына алдап чакыртып алып, коркутканы маалым болду. Журналисттин айтымында Мамасалиев “сен эмнеге кыйын болосуң, тынч эле ишиңди кыла бербейсиңби, өзүң билесиң криминал деген бар, сендейди сындырып, инвалид кылып коебуз”,- деп коркуткан. Ал эми учурда журналист атын ачыкка чыгарганга жана күч органдарына кайрылууга ашыкпай жатканын билдирди. “Балким, уяттары болсо кечирим сурашаар” деген негизде. Төрөбаевдин командасы мындай коркутуулар менен басма сөзгө чабуул жасаганыбы? Ошондо Бакыт мырзаны сындаганга мүмкүн эмеспи же Бакыт мырза штабындагыларга сын айткандарды маданияттуу түрдө эмес, муштум менен тыйгыла дегениби? Эмитен төртүнчү бийликтин өкүлдөрүнө карата ушундай терс мамиле кылышса, кокус бийлик башына келип калса сын айткан журналисттерди биротоло ооздуктап койбойбу?”.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: