Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында Кара-Балта шаарынын 32 жаштагы жашоочусу Ж.Р. аттуу кармалып, аны текшерүү учурунда жанынан ок атуучу тапанча табылып, магазининде 1 даана 9 мм ок алынган. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы маалымдайт.
Бул куралдын эч кандай тиешелүү документтери жок болгондуктан, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, кармалган жаранга Жайыл районунун ИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттоосунда, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тураары аныкталган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ