Menu

Бир катар мекемени тоногон куралдуу топ кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин кылмыш иликтөө жана тергөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери көптөн бери мекемелерди курал менен тоноп жүргөн топту колго түшүрдү.

ИИМдин маалымат катчысы Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдиргендей, кылмыштуу топ Бишкектеги “Цзи Сянь” ресторанын, “Альфа-Секьюрити” күзөт агенттигин, борбордогу лифт оңдоочу ишкананы жана дагы бир инженердик ишкананы тоноп жалпы суммасы 800 миң сомдон ашык акчасын алып кетишкен. Мындан башка бул кылмыштуу топ күзөт кызматында уурулук жасаганда 20га чукул ок атуучу куралды алып кетишкен.

Милициядан билдишкендей, ыкчам тергөө иштеринин артында кылмыштуу топтун беш мүчөсү аныкталып, анын бири Орусияда кармалса, үчөө Кыргызстанда колго түштү. Дагы бир топтун негизги уюштуруучусуна эл аралык издөө жарыяланды.

Учурда тергөө иштери жүрүп, уурдалып кеткен ок атуучу курал-жарактар табыла баштады. Кармалгандар соттун чечими менен камакка алынды.

Ушул жылдын 6-февралында Бишкектеги «Цзи Сян» кытай кафесиненкаракчылар 100 миң сом алып кетишкен. Бет кап кийген, куралчан төрт адам кафеге кирип барып ок чыгарган. Окуя учурунда кафедеги кардарлардан эч ким жабыркаган эмес.

Ал эми 1-майда «Альфа-секьюрити» күзөт агенттигинин курал кампасынан “Сайга” үлгүсүндөгү 9 карабин мылтыкты, 10 “Макарыч” тапанчасын белгисиз кишилер уурдап кетишкен. Ыкчам-тергөө тобу кампага барганда куралдардын жоголгону жана аны алгандар терезе аркылуу киргени аныкталган. Алар ок-дарыга тийген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: