Menu

Олег Панкратов Нью-Йорктогу БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий Форумуна катышты

Бөлүшүү:

ЕАЭБ өлкөлөрү Туруктуу өнүктүрүү максаттарына чоң маани беришет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Евразия экономикалык комиссия кеңешинин төрагасы Олег Панкратов Нью-Йорк шаарындагы БУУнун кеңсесинде өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңешинин Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий Форумунда “Евразиялык экономикалык бирикме өлкөлөрүндө Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жөнүндө” темасындагы  докладында билдирди.

“Интеграциялык бирикмелерди түзүп, өнүктүрүүдө аймактык фактор чоң мааниге ээ, анткени бүгүн мындай бирикмелер ири демилгелерди алып чыгууда “эффективдүү” оюнчулар болууда. Евразиялык экономикалык бирикме түзүлгөнүнөн баштап Туруктуу өнүктүрүү максаттарын 2030-жылга чейинки өнүгүү саясатына имплементациялоо боюнча активдүү позицияны ээлеген. Буга байланыштуу ЕАЭБдин интеграциялык үлгүсү катышуучу мамлекеттердин да, жалпысынан Бирикменин да туруктуу өнүктүрүүнүн ири максаттары менен болгон ачык-айкын жана төп келишкен байланыштарын көрсөтүүдө», – деп белгиледи вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Белгилей кетсек, Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий Форумунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө арналган өзүнчө иш-чара өткөрүлгөн.

Маалымат үчүн: БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий Форуму 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүү максаттарын мониторинг кылуу жана ишке ашыруунун башкы аянтчасы болуп эсептелет. Учурдагы сессиянын “Туруктуу өнүктүрүүгө салым кошуу жолу аркылуу жакырчылыктын бардык формаларын жана ченемдерин жоюу, буга байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана көйгөйлөрдү чечүү” деген аталыштагы темасы жакырчылыкты жана ачарчылыкты жоюу, азык-түлүк коопсуздугун жана дени сак жашоо образын камсыздоо, тамактануунун, гендердик тең укуктуулуктун сапатын жакшыртуу, туруктуу инфраструктура жана индустриализацияны түзүү жана ошондой эле океандарды, деңиздерди жана деңиз ресурстарын сактоо, туруктуу колдонууга тиешелүү болгон Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын 1,2,3,5,9 жана 14 боюнча анализ жасоого мүмкүндүк берет.

Учурда болуп жаткан сессиянын жүрүшүндө Форум БУУнун Аймактык комиссиялары жана Евразиялык Экономикалык Бирикме аркылуу сунушталган 44 улуттук жана аймактык докладдарды угуп, өз сунуштарын берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: