«Кыргызстан 3 айдан кийин жаңы президентти шайлайт. Өлкөдө азыр бийлик бутактарынын тең салмактуулугу түзүлдү. Конституцияга жаңы кабыл алынган кошумчалар менен толуктоолор 1-декабрдан баштап иштей баштайт. Кийинки президент ким болорун мен билбейм, бирок, ким болсо да биз салган жолдон башка жакка буруп кетүү ага эми кыйын болот”, – деп билдирди бүгүн, 12-июлда Алмаз Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.
“Биздин көп улуттуу элди региондорго жана улуттарга бөлбөгүлө деп айткым келет. Кыргыз деген сөздүн өзү “кырк уз” деген сөздөн келип чыккан. Уз деген бул эл, уруу дегенди түшүндүрөт. Кырк элден же кырк уруудан куралган эл. Кыргыздын күчү бул анын биримдигинде. Бир кезде кыргыздарды “кара кыргыздар” деп аташкан. Бул сөз кара кыргыз деп которулбайт. Кара деген сөздүн экинчи мааниси – чоң, кубаттуу дегенди түшүндүрөт”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ