“Азаттыктын” түркмөн кызматы менен иштешип келген журналист Сапармамед Непескулиевдин абакта жатканына эки жыл болду. Укук коргоо уюмдары менен БУУнун өкүлдөрү журналист саясий өңүт менен козголгон кылмыш иши боюнча соттолгон деп эсептеп келишет.
«Сапармамед журналисттик ишмердиги үчүн жазаланган. Ал адвокатсыз жана ачык сотсуз соттолгон. Биз ага тагылган айыптоолорду толугу менен жасалма деп эсептейбиз. Аны тез арада бошотуу керек», – деди “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын президенти Томас Кент.
Непескулиев 2015-жылы 7-июлда Аваза шаарында жоголуп кетип, кийин камакка алынганы белгилүү болгон. Ал 2015-жылдын 31-августунда соттун жабык отурумунда “мыйзамсыз маңзат сактаган” деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган. Укук коргоочулар тагылган айыптоолорду «жасалма» деп эсептешип, журналисттин камалышын анын репортаждары менен байланыштырышууда.
БУУнун негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу 2015-жылы Непескуловдун кармалышын «негизсиз», ал эми аны камакта кармоонун өзүн «оюн эркин билдирүү укугун чектөө» деп атаган. Өткөн жылы июнда отуз ММК жана укук коргоо уюмдары Непескуловдун бошотулбагандыгына нааразылыктарын билдирип чыгышкан.
Саясий негиздерден улам “Эркин Европа/”Азаттык” радиосунун Түркмөнстанда бюросу жок жана ал жергиликтүү кабарчылар менен иштешет. Учурда радионун түркмөн тилиндеги сайты өлкөдө мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн маалымат каражаттары үчүн жалгыз альтерантива катары иштеп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ