Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасынын иши сотко өттү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө. Дутбаев мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган деген айып менен былтыр декабрда камакка алынган.
«Нартай Дутбаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, 4-июлдан бери Акмоло гарнизонунун аскердик сотунун кароосунда», — деп билдиришти УККдан. Тергөө иштери «жашыруун» деген гриф менен жүргүзүлгөн.
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетин 2001-жылдын декабрынан 2006-жылдын февралына чейин жетектеген Дутбаев былтыр 26-декабрда кармалган. Ал ошол эле күнү иштин дагы эки фигуранты — аткаминерлер Нурлан Хасен менен Ерлан Нуртаев менен бирге камакка алынган. Үчөө тең мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган жана кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган деп айыпталышууда.
Өткөн аптада Астана соту Дутбаевдин жана ал иштин башка фигуранттарынын камактагы мөөнөтүн 26-июлга чейин узартканы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ