Тажикстанды Ооганстан менен дагы бир көпүрө бириктирет. Ал Европа биримдигинин каржылоосу менен Тажикстандын Фархор районунда курулат. Келечекте анда чек ара базарын ачуу пландалууда.
Пяндж дарыясына дагы бир көпүрө куруу тууралуу макулдашууга 12-июлда, ЕБ делегациясынын, Герман өнүктүрүү банкынын (KfW)жана Ага Хан корунун өкүлдөрүнүн чек арадагы аталган районго болгон сапары маалында кол коюлган.
180 метр узундуктагы көпүрөнү Европа биримдиги каржылайт. Долбоор болжол менен 16 млн еврого бааланып, өз ичине Фархор районундагы 18 чакырым ички жолду оңдоп-түзөө иштерин да камтыйт. Жаңы көпүрө аталган райондун Кокул жергеси менен Ооганстандын Тахор провинциясындагы Ойхоним кыштагын бириктирет.
Бул тажик-ооган чек арасындагы сегизинчи көпүрө болот. Буга чейин Ага Хан корунун каржылоосу менен Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда алты көпүрө курулган. Андан мурдараак Хатлон облусундагы дагы бир көпүрөнүн курулушуна АКШ демөөрчү болгон.
Европа комиссиясынын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкы директору Стефано Мансервисинин билдиришинче, ЕБ Борбор Азияга аймактагы өлкөлөрдүн жарандары өз ара эркин кирип-чыккыдай кылып Европа мамлекеттеринин тажрыйбасын киргизүүнү каалайт. Ал бул маселени Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен талкуулоого ниеттенип жатканын кошумчалады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ