Menu

Активисттер Алматы прокурорунун отставкасын талап кылышты

Бөлүшүү:

Алматыда жарандар тобу шаардык прокуратуранын ишине нааразылыгын билдирип, анын башчысы Габит Миразовдун отставкасын талап кылышты. Жергиликтүү прокуратура имаратынын алдына чыккан 15 чакты киши алардын арыздары каралбай жатканын билдиришип, бул боюнча Башкы прокуратураны тергөө жүргүзүүгө чакырган жазууларды кармап алышкан.

Акция катышуучуларынын айтымдарында, июнда шаардык прокуратура алардын ишин кароону убадалап, бирок дагы деле ал убадасын аткара элек.

Чогулган жарандар ар түрдүү маселелер менен кайрылышты — айрымдары кыймылсыз мүлктөрүн кайтарып ала албай жатышканын айтышса, башкалары сот тарабанын туугандарынын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган адамдардын өлкөгө алынып келинбей жатышына даттанышты.

Активисттер менен жолуккан прокуратура өкүлү акциянын мыйзамсыз экенин эскертип, аларды сүйлөшүү үчүн имараттын ичине кирүүнү сунуштады. Бирок акция катышуучулары Алматынын прокурору Габит Миразовдун чыгышын талап кылып, чакырууну кабыл алышкан жок. Жыйынтыгында алар шаардык прокуратура имаратынын алдында жарым сааттай туруп таркап кетишти.

Акция катышуучуларынын арасында өздөрүн «Адилеттүүлүк үчүн» кыймылынын мүчөлөрү деп атаган адамдар да жүрдү. Кыймылдын активисттери «Нур Отан» партиясынын Алматыдагы өкүлчүлүнүн алдында өткөргөн акциялары менен белгилүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: