Menu

Р.Отунбаева: Ө.Текебаевге каршы сотту анын саясий атаандаштары уюштурду

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын лидери, бул партиянын фракция башчысы, депутат Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбө катары көрсөтмө берген экс-президент Роза Отунбаева учурда өтүп жаткан сот жүрүмүн “саясий иш” деп атады.

Ал 2010-жылдагы экинчи элдик ыңкылаптан кийинки өлкөдөгү кырдаалга токтолуп, азыркы сот жүрүмүн саясий атаандаштардын уюштурган иши деп кошумчалады.

Мындай пикирге каршы чыккан судья Эрнис Айбек уулу күбөнү суроолорго гана жооп берүүгө, божомолдорду айтпоого чакырып, эскертүү берди. Мындан соң айыпталуучу Өмүрбек Текебаев буга чейин сотто күбө катары келген Леонид Маевский жана Алексей Модин өз ойлорун каалагандай айтып, ага сот мүмкүнчүлүк бергенин эске салды.

Суроолорго жооп берүүнү уланткан Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн учурунда бардык чечимдер добуш берүү менен кабыл алынганын, Өмүрбек Текебаев кайсы бир чечимди жалгыз кабыл алуусу мүмкүн эмес болгонун кошумчалады.

“Андыктан Текебаев “Альфа Телекомду” өзүм билемдик менен сатып салышы мүмкүн эмес болчу”, – деди Отунбаева.

Экс-президент соттогу көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-май күнүн хронологиялык негизде баяндап, бул күнү Жалал-Абатта абал абдан курч болуп турганын айтып берди. Ошол күнү Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү түштүктөгү окуяны жайгаруу үчүн өкмөт үйүндө жүргөнүн билдирип, Текебаев да алардын жанында болгонун кошумчалады.

Буга чейин орусиялык ишкер Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен таанышканын, кийинчерээк ага “Мегакомду” сатып алуу үчүн миллион доллар бергенин айткан. Бирок ал “Мегаком” акцияларына ээ болбой калып, берген акчасын кайтара албай, Текебаевге алданып калганын билдирип, быйыл февраль айында Кыргызстандын күч органдарына арыз жазган.

Соттук териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: