Menu

Бишкек шаарынын тургуну алдамчылык менен кармалды

Бөлүшүү:

Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургундары арыз менен кайрылышып, 2016-жылдын октябрь жана декабрь айларында, “Баткен” базарында “Кыял” аттуу айым, алдоо жолу менен арыз ээлеринин ишеничтерине кирип, 147 000 жана 97 800 сомдук товарларын алып, ушу күнгө чейин акчасын бербей качып жүргөн. Бул туралалуу Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы маалымдады.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетинин натыйжасында Бишкек шаарынын 36 жаштагы М.Б., аттуу тургуну кармалып, тергөө учурунда ушуга окшош даагы бир канча кылмыш фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: