Menu

Роза Отунбаева: “2010-жылы булар мени башчы кылып коюп, өздөрү “Менмин! Мен сенден жогорумун!” деп атаандашып, талашып-тартышып олтуруп алышты”

Бөлүшүү:

“2010-жылы апрелде булардын баары мени башчы кылып коюп, өздөрү өз ара талашып-тартышып олтурушту,  дегеле бүтпөгөн талаш-тартыштар болду… Текебаев “менмин!” дейт, Атамбаев “мен сенден жогорумун!” дейт. Бекназаров дегеле бой бербейт. Баары тең ата болуп олтурушту…”, – деп билдирди бүгүн, 13-июлда экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан Текебаев/Чотоновдун сотунда көрсөтмө берип жатып.

“Атамбаев Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары болучу, экономикалык маселелерди карачу. Ага атаандашкан Сариев болсо финансы-кредитти карачу, ал дегеле “мен эле, мен!” деп жүрөт дайыма. Мына Сариев ошол маселелерди карачу. Өмүрбек Текебаев Конституциялык реформаны башкарчу. Азимбек Бекназаров коопсуздук маселелери боюнча. Бирок, 23-майдан кийин Атамбаев өзү демилге көтөрүп, “коопсуздук маселелерин мен көзөмөлдөйүн” деп келгенинен Коопсуздук боюнча иштердин баарын Атамбаевге өткөрүп бердик…”, – деди Роза Отунбаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: