Президент Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлөт. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Отурумда төмөндөгү маселелер каралат:
– Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;
– Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;
-Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилеринин Тизмесине сунуштамалар тууралуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ