Menu

Садыр Жапаровду шайлоого катыштырбоо аракети күч алды!

Бөлүшүү:

Кечээ абактагы оппозиционер Садыр Жапаровдун адвокаттары басма сөз жыйынын беришти. Алардын айтымында, БШК ишеним каттын жоктугуна байланыштуу С.Жапаровдун арызын кабыл албай жатыптыр.

Жапаров өз колу менен президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз жазып берген. Ал катты БШКга алып  барышканда Жапаровдун ишеним каты керектигин билдиришкен. №1-СИЗОго барып, ишеним кат алып берүүнү  суранганбыз, бирок алар соттун чечими жоктугун шылтоолоп коюшту. Сот болсо ишеним кат алуу үчүн кезигишүүгө жол бербей, бут тосууда. Бул кылыгы менен алар С.Жапаровдун конституциялык укуктарын көз көрүнөө тебелеп  жатышат”,- деди жактоочу Шарабидин Токтосунов.

Муну менен катар С.Жапаровго байланыштуу сот процесси да өтө тездикте өтүп жатат. Өткөн жумада негизги  күбөлөрдүн бири Наристе Калчаевден көрсөтмө алынды. Эске салсак, тергөө ушул жигиттин да берген көрсөтмөсүнө  таянган. Бирок, Наристе Калчаев УКМКнын кызматкерлери андан мыйзамсыз жолдор менен жалганды жаздырып
алышканын моюндады. “УКМКнын кызматкерлери башыма мешок кийгизип алып сабашты. Эсимди жоготуп  коюптурмун. Үч-төрт сааттан кийин эсиме келсем “нашатырный” спирт жыттатып атышыптыр. “Садыр Жапаровго көрсөтмө бер” дешти. “Жок, анын эч кандай тиешеси жок, андан бир тыйын алган эмеспиз” десем да болбой кайра сабашты. Кайра эсимди жоготуп коюптурмун. Ошентип, УКМКнын СИЗОсуна алып келишти. Май айында камактан  бошоп чыкмакмын. Бирок, Садыр Жапаровдун соту болуп атканга байланыштуу УКМКда кармап жатышат”- деди  күбө.

“Каптагаевди барымтага алган окуяда Садыр Жапаровдун тийешеси жок болчу деди. Биз “Кумтөрдү” элдин пайдасына иштетүү талабы менен эле чыкканбыз”,- деп кошумчалады Калчаев.

Мындан тышкары, судья Садыр Жапаровго катуу ооруп жаткан атасына барып жолугуп келүү өтүнүчүн да четке какты. Адамгерчилик нормаларынан аттап өтүп, булар кайда баратышат? Кудайдан коркушпайбы? Каптагаев өзү: “эч  кандай доом жок” дегенине карабай соттоп жатышат. Садыр шордуу жигит тура. Анын башына дагы кандай кыйынчылык саласыңар эми?!

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: