Menu

Түркмөнстан ИИМ башчысы кызматтан кетүүгө аракеттенүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Ички иштер министри Искандер Муликов отставкага кетүүгө аракет кылып жатат, бирок өлкө президенти анын арызын кабыл алуудан баш тартууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына Ашхабаддагы өз булактары билдирген.

Акыркы айларда эки жолу катуу сөгүш алган 42 жаштагы Искандер Муликов кызматтан кетүү каалоосун ден соолугу начарлап кеткендиги менен түшүндүрүүдө. Булактын маалыматына караганда, министр жумуштан кетирүүнү суранып президент менен кеминде бир жолу сүйлөшкөн. Бирок мамлекет башчы анын арызын кабыл алуудан баш тарткан.

«Муликов өтө оор абалда турат, анткени жакында аны өкмөт башчы эл алдында уяткарып туруп жумуштан кетире турганын билет. Аны Халлыевдикиндей (Аманмырат Халлыев — мурдагы башкы прокурор) тагдыр күтүп турушу мүмкүн, ошондуктан ал өзү кеткиси келип жатат», – деп билдирген өкмөттөгү булак.

Президент Бердымухамедов 4-майдагы өкмөт жыйынында башкы прокурор Аманмырат Халлыевди, ошондой эле прокуратура менен ИИМдин жогорку кызматтагы бир катар аткаминерлерин коррупцияга айыптап, аларды кызматтан кетирген. Ошол эле жыйында мамлекет башчы Муликовго катуу сөгүш жарыялаган. Учурда Халлыевдин күч түзүмдөрүндөгү ондогон адамдар менен бирге камакка алынганы тууралуу маалыматтар айтылууда.

Май айында эле булактар Искандер Муликовдун үстүнөн «кара туман» айлана баштаганын билдиришкен. Анда Бердымухамедов министрдин Азия оюндары үчүн ишкерлерден акча табуу буйругун аткарбагандыгына жинденип жатканы айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: