Menu

Чубак ажынын Гүлен менен жолукканы коомчулукта талкуу жаратты

Бөлүшүү:

Мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов менен АКШда бозгунда жүргөн дин аалымы Фетхуллах Гүлендин жолугушкандыгы жөнүндө алардын чогуу түшкөн сүрөтү интернетке жарыялангандан кийин белгилүү болгон. Фетхуллах Гүлен менен АКШдагы он күндүк сапарынын алкагында кезиккенин Чубак ажы Жалилов өзү ырастады:

– Атактуу түрк аалымы Фетхуллах Гүлен Америкада жашай турганын баарыбыз билебиз. Мен АКШга сапар алган учурда ал киши менен да жолугууну ниет кылгам. Сурансам, ооруп жатканын айтып, кийинки күнү жолугушууга макул болду. Барып сабактарына катышып, өзү менен баарлашып, үй-бүлөм үчүн, Кыргызстан үчүн бата алып келдим. Биринчиден, Түркия мамлекети Гүленди террорчу деп жарыялаганын билем, бирок аны бир да мамлекет туура деген жок. Мисалы, АКШ өзү деле аны террорчу деп таанып, түрк өлкөсүнө өткөрүп берген жок. Анын үстүнө жеке бир адамдын, жеке бир мамлекеттин жактырбоосунун айынан эле бир адамды террорчу деп чыгарып койгонго болбойт. Экинчиден, Гүленге карата биздин Кыргызстандын көз карашы түз, анын лицейлери, башка мекемелери иштеп жатат, – деди Чубак ажы Жалилов.

Экс-муфтий сапарынын алкагында Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларындагы жана Огайо штатындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, таалим сабактарын уюштуруп келген. Ал жолугушууларга катышкан кыргызстандык ишкер Жуман Кеңеш Чубак ажы Гүлен менен бир аз гана сүйлөшкөнүн айтты:

– Фетхуллах Гүлен негизи абдан убактысы тар киши. Аны менен жолугууну көздөгөн миңдеген кишилер бир ай мурда кезекке турушат. Ошол жерде атайын бөлмөсүндө тар чөйрөдө сабактарды өтөт. Ал сабактары ар дайым болуп турат. Анан Чубак ажы менен Гүлен өтө көп деле отурушкан жок, бир сыйра сүйлөштү, ал кишинин сабактарын укту. Сүрөткө түштү, жолугушту. Чубак ажы кайра ошо менен Чикагого кайтып келе берди. Ошол себептүү мен бул жолугушуудан өөн нерсе көргөнүм жок, – деди ишкер.

Фетхуллах Гүлен мурда ислам аалымы, ханафи масхабын карманган Саид Нурсинин тарапкери болгон. Кийин өз алдынча кыймыл негиздеп, учурда ошол Гүлен жамааты деген кыймылдын лидери. Бул диний жамаат Түркияда жана бир катар өлкөлөрдө билим берүү мекемелерине жана тармактык бизнестерге ээлик кылчу. Былтыр жайында Түркиядагы төңкөрүштөн аракетинен кийин жамааттын миңдеген мүчөлөрү камалып, түрк бийлиги Гүлендин өзүн “террорчу” деп атап, АКШга аны экстрадициялоо талабын жөнөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: