Тажикстандын Курган-Төбө шаарындагы теракт иши боюнча тергөө аяктап, сотко өттү. Бул тууралуу Хатлон облустук прокуратурасынан билдиришти.
Облустун административдик борборундагы жардыруу быйыл 12-мартта болуп, технологиялык лицейдин 67 жаштагы кароолчусу Хасанбой Рахмонов аттуу жаран каза болгон.
Теракт жасоого шектүү катары жергиликтүү беш киши кармалган. Алардын баары тең «терроризм», «адам өлтүрүү үчүн кол салуу», «жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо» жана «экстремисттик топ түзүү» беренелери боюнча айыпталып жатышат.
Хатлон облустук прокуратурасы бул топ мурда дагы Курган-Төбөдө жардыруу уюштурганын ырастады. Анда колго жасалган жардыруучу зат «Билайн» байланыш компаниясынын кызматкеринин унаасына жабыштырылган. Бирок ал жардырууда курмандыктар болгон эмес.
Мурдараак Хатлон облусунун укук коргоо органдарындагы булактар кармалган адамдардын «Ислам мамлекети» тобунун тарапташтары болгонун билдиришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ