Menu

Видео – Борис Немцовду өлтүрүүгө айыпталган Дадаев 20 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Бейшембиде Москва аскердик соту Чеченстан ИИМинин «Север» батальонунун мурдагы аскери Заур Дадаевди саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө күнөөлүү деп таап, ага карата катаал режимдеги абакка 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Соттун чечими менен Дадаев жана 14 жылга соттолгон Тамерлан Эскерханов аскердик наамдарынан жана ордендеринен ажыратылды.

Дадаевге көмөктөшкөн деп айыпталган Анзор жана Шадид Губашевдер катаал режимдеги абакка 19 жана 16 жылга камалышты. Хамзат Бахаев 11 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле сот айыпталуучулардын бардыгын тең айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Күн мурун прокурор тергөө тарабынан кылмыштын аткаруучусу деп эсептелип жаткан Дадаевди өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде атып өлтүрүлгөн.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: