Франция жана АКШ президенттери Эммануэль Макрон менен Дональд Трамп чогу өткөргөн маалымат жыйынында Париждеги жолугушуу маалында Сирия менен Украинадагы абалды, АКШнын климат тууралуу келишим боюнча позициясын жана Орусия менен болгон мамилелерди талкуулагандыктарын билдиришти.
Макрон Париж менен Вашингтондун дүйнөлүк көйгөйлөр боюнча позициясындагы окшоштуктар менен карама-каршылыктар жөнүндө айтып, көпчүлүк маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү бар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Трамп эркиндиктин идеалдарын бекемдөөдөгү Франциянын тарыхый ролун белгиледи. АКШ президенти эки өлкө ортосундагы көп жылдык достукка жана союздаштыкка көңүл бурду.
Трамп АКШнын климат боюнча Париж келишимине кайтып келүү ыктымалдыгы жөнүндөгү суроого жооп берип, Кошмо Штаттар келишимге катышып жаткан башка өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүндүктөрүн караштырып жатканын айтты.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө Трамп Макрон менен талкуулаган башка темаларды, анын ичинде Украинадагы абалды атады. Бирок аларга кеңири токтолуп, сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын айткан жок,
Журналисттер тараптан Трамптын уулунун орусиялык адвокат менен жолуккандыгы боюнча дагы суроолор берилди. Трамп ММКлар ал жолугушууну көбүртүп-жабыртып жиберишкенин айтып, уулун жөнөкөй орус адвокаты менен жолукканда маанилүү эч кандай маалымат албаган таза киши деп атады. Бирок демократтар Трамптын уулу тарабынан жарыяланган твиттер жазышууларында кеп Орусия өкмөтүнө байланышы бар адвокат жөнүндө болгонуна көңүл бурушууда.
Макрон бир катар маселелерди, анын ичинде Сирия көйгөйүн чечүү үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен кызматташуу маанилүү экенин билдирди. Француз президенти Башар Асад тууралуу айтып жатып, Париж бекем саясий чечимге жетишүү үчүн бардык тараптар менен тыгыз иштеше турганын билдирди. Ошол эле маалда француз лидери химиялык курал колдонууга жол берилбеши керектигин белгиледи.
Соңунда Макрон журналисттерге эки президент ортосундагы талкуулар бейформал жагдайда улана турганын айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ