Menu

Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу иштери башталды

Бөлүшүү:

Кадамжай районунда 2017-жылдын 11-июлунда саат 18:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кулду айылында, Орозбеков айылынын Учкун, Гузар участкаларында сел өтүүчү сайларынан сел суулары агып, селдин кесепетинен электр мамылары, көпүрөлөр, ички чарбалык арыктар, жолдор зыянга учураган. Орозбеков айыл аймагында электр энергиясы атайын түрдө өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.

Орозбеков айылында 2017-жылдын 11-июль саат 18:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 920 метр ички чарбалык арыктарды, 5,2 чакырым ички чарбалык жолдорду кум шагылга толтурган. 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 36 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, 1 турак үй жараксыз абалга келген. Ички чарбалык көпүрөнүн темир бетон шакекчелери менен суугат суу түтүгүн жууп кеткен. 3,5 чакырымды түзгөн «Охнасай» сел өтүүчү сайынын жээктери эрозияга учурап, сайдын нугу кум-шагылга толгон.

КР ӨКМ тарабынан авариялык калыбына келтирүү планынын негизинде 2014-жылы курулган Жоокесек (Гузор) участкасындагы дамбанын болжол менен 120 метр аралыгын, 2011-жылы курулган Кара-Кечүү тилкесиндеги дамбанын 40 метр аралыгын, Учкун тилкесиндеги 2009-жылы курулган дамбанын оң тарабындагы 40 метр аралыгын жууп кеткен. Орозбеков, Кулду айылдарынан 5 даана жогорку чыңалуудагы жана 11 ички тармактык электр мамыларын сел суулары бузуп кеткен.

Селдин кесепетин жоюу үчүн №46 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 автокран жана 1 жүктөгүч, жеке менчик 2 эксковатор жана 2 камаз, Актурпак айыл аймагынан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 120 адам, Ош ПВС ишканасынан 15 кызматкер тартылган.

12-июль күнү КР ӨКМнин орун басары Р. Рысбаев сел жүргөн аймактын абалы менен таанышып, тез арада жоюу боюнча тапшырмалар берилди.Жарандык коргоо кызматынын тактоонун ишинин натыйжасында 10 турак үйдүн короо жайлары, 3 чакырым ички чарбалык жолдор, 1 ички чарбалык көпүрө жана электр мамылар калыбына келтирилип тургундарга электр энергиясы берилген. Тазалоо иштери 13-июль күнү улантылат.

Кулду айылында жүрүп өткөн селдин кесепетинен ички чарбалык арыктардын 530 метр аралыгы жана ички чарбалык жолдордун 2,1 чакырым аралыгы кум шагылдарга толгон. 41 турак үйдүн короо жайларына жана 6 турак-үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирген. Ички чарбалык темир бетон шакекчелери менен курулган көпүрө жана айыл тургундарын суугат суу менен камсыз кылуучу 50 метр аралыктагы темир түтүгү жарактан чыккан.
КР ӨКМ тарабынан авариялык калыбына келтирүү планынын негизинде 2009-жылы курулган Бостон тилкесиндеги дамбанын 70 метр аралыгын жууп кеткен.

Селдин кесепетин жоюу үчүн жеке менчик 1 жүктөгүч, Кадамжай сурьма комбинатынан 1 жүктөгүч, Актурпак айыл аймагынан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 110 адам тартылган.

12-июль күнү тартылган техникалардын аракетинде 5 турак үйдүн короо жайлары, ички чарбалык жолдун 1 чакырым аралыгы, 1 ички чарбалык көпүрө калыбына келтирилген. Тазалоо иштери 13-июль күнү улантылат.
Кадамжай шаарынын “Автобаза” участкасындагы көпүрөнүн оң жээгин сел суулары жууп, авариялык абалга келтирген. Жана ошондой эле, Ош-Айдаркен жолунун 130-135 чакырым аралыктарында ар жерден сел суулары жүрүп, жалпы 600 метрге жакын жол жээктерин жууп кеткен.

Жолду калыбына келтирүүгө №46 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 2 КамАЗ тартылып Ош-Айдаркен унаа жолун калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Баткен району. 2017- жылдын 11-июль күнү саат 18-00 чамасында Дара айыл аймагынын Жаңырык айылында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп Баткен-Кайыңды-Зардалы унаа жолунун 72-чакырымында жолдун бетинде жарака пайда болгон. Учурда унаалар үчүн жол каттамы жабык.

Жолду калыбына келтирүүгө №2 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, жеке менчик 1 бульдозер тартылган.
Баткен-Кайыңды-Зардалы жолун калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. 13-июль күнү жумуш улантылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: