Menu

Токолун эркелетип, мамлекеттен үй алып берген ИИМдеги «түшпөс хан» Азизов Жаныш

Бөлүшүү:

Кечээ жакында соцтармакта Алик Карабеков аттуу интернет колдонуучу тарабынан ИИМдеги былыктар боюнча бир материал жарык көрдү. Тийиштүү жетекчилер буга көңүл бурушар деген үмүттө аталган материалды коомчулукка  эч өзгөртүүсүз жарыялап коюуну эп көрдүк.

Интернет колдонуучу Алик Карабеков: 

Калк милициядан реформаны күтүүдө, ал эми милиция реформа кылуу үчүн кандай кадамдарды жасап жатат?  Азырынча жемишин эл дагы Президент да көрө элек. Жакында Алмазбек Атамбаев, ИИМдин борбордук  аппаратынын кызматкерлери өтө эле көп экендигин, канча министр алмашса да реформадан кабар жок экендигин жана мурдагы тас кейпинде жүргөндүгүн баса белгилеген. Атүгүл, Грузияга болгон иш сапары учурунда дагы  ошондогу министр Кашкар Жунушалиеве катуу эскертүү бергендиги эсибизде. Андан бери убакыт өтүп, жаңы министр, Улан Ирсалиев келип бул жаатта жылыш байкалганы менен пландалган реформа ойдогудай ишке  ашпай жаткандыгы да маалым. Мындай учурда Сталиндин айтылуу “Кадрлар бардыгын чечет!” (Кадры решают всё!)  деген сөзү эске түшөт. Чынында жаш, заманбап ой жүгүрткөн, реформатор кадрлар келмейинче иштин жылып  кетиши мүмкүн эмес экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ошондон улам болсо керек министр, анын орун басарларынан тартып, шаардык ИИБдин жетекчилигине чейин жаш кадрлар келди. Бирок, кыргызда “вазир жакшы, хан жакшы”  деген сөз бар эмеспи, анысыңарындай “хандары” (жетекчилери) жакшы болгону менен, министрликтин аппараттарында эски, чириген система мээсинен тартып, тырмагынын учуна чейин сиңген кары- картаң аткаруучулары иштеп жатканда жакшылык күтүп болбойт. Президент белгилеген ИИМдин борбордук  аппаратын эле алып карай турган болсок, министрликтин секретариятында жашы 65ге келип калган пенсионер  Азизов Жаныш деген начальник болуп иштейт. Алынган маалымат боюнча бул киши 2014-жылы 5- мартта кызматтан боштулуп, эртеси эле кайра эч сынагы жок, түзүлгөн контракттын негизинде ошол кездеги министр  Суранчиевдин буйругу менен ИИМдин секретариятына кызматка алынат. Ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамы боюнча Азизов аскерий эмес, жарандык кызматты гана аркалаганга акысы бар болгондугуна  карабастан, аттестациядан өтүп кабыл алынчу, Башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматын бекем мыкчып  келет. Ошол эле учурда пенсионердин орун бошотпогондугунан ИИМдеги жуздөгөн кесипкөй жаш кадрлардын билими, чыныгы потенциалы пайдаланылбай келет. ИИМдин секретариятынын начальниги Азизов Жаныш,  реформага жеңин түрө киришкенди мындай коелу, жүрүм- туруму менен массалык-маалымат каражаттары аркылуу далай жолу абийири төгүлүп, канчалаган министрлер алмашса да ээрден түшпөй келет. Анысы аз келгенсип, реформа  боюнча сунуштары менен келген кызматкерлерди жана башка жарандарды министрге жолотпой, “эрин кызганган  аялдай” четке кагып турганы бардыгына маалым. Кызганыч демекчи, калың журт арасында пенсионер-начальник Азизовдун “сүйүү балы” жөнүндө көп кептер айтылып жүрөт. Маселен, ИИМдин секретариятында секретарь- еферент болуп иштеген 41 жаштагы Скорихина Виктория Витальевна аттуу аялды кызматтан кетирем деп коркутуп, жыныстык катнашка барууга мажбур кылган. Айласы кеткен Виктория макул болуп, кийинчирээк Азизовго эркек  уул төрөп берген. Ыраазычылыгын билдирейин дедиби же, уулуна үй жасап берейин дедиби, айтор кызматынан
пайдаланып, Жаныш мырза Президенттин катышуусу менен Көк Жар конушундагы ИИМдин кызматкерлерине  берилүүчү үйлөрдөн Викторияга 1 бөлмөлүү квартира алып берген. Скорихинанын буга чейин Аламүдүн-1 кичи районуну, 34-үй, 14-квартира дарегинде квартирасы болгондугуна карабастан, 2015-жылы мурдагы министр Кашкар Жунушалиевдин учурунда Виктория Витальевнанын ити чөп жеп Көк Жар конушундагы Куйручук көчөсү 24 В, квартира 55 дарегинде жайгашкан дагы бир батирлүү болот. Күн-түн, ысык-суук дебестен, үй бетин көрбөй көчөдө кылмышкерлер менен күрөшүп үйсүз, жертөлөдө жашап жүргөн маалда, жогорку кызматта жылуу-жумшак отурган
Азизов ошентип токолун экинчи үйлүү кылып отурат. Мамлекеттин тешик бюджети ансыз да өксүп турганда Жаныш  Мукашевичтин токолун эркелетип, катар-катар үй алып бергенин кандайча түшүнсө болот?! Мындан тышкары  Азизовдун “махабат дайрасында” ИИМ Академиясында иштеген дагы бир аялдын “сүзүп” жүргөндүгү белгилүү.  Кесиптештеринин айтымында, академияда эмгектенген аял өзү да таасирлүү Азизов менен мамилесин мактанып айтып берип калат экен. Эл реформарга үмүт артып отурган маалда, эскилер ушинтип, жаңы системага  жармашып, токолуна үй алып берип, пенсияга чыкса да жаштарга орун бербей жатышы- мамлекетти алга сүрөөнү  кой, кайра артка кетүүгө түртүп жатат. Реформанын негизги маңызы – кадрларды жаңыртуу экендигин эске салып коелу. Демек, министр азыркы министр өз кезегинде чечкиндүү кадам таштап, Азизовго окшогон карт бөрүлөрдөн кутулбаса, алдыда эл күткөн, Президент күткөн реформа дегендин көлөкөсү көрүнбөөрү айтпаса да түшүнүктүү.

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: