Курманбек Бакиев президент болуп келгенде бир тууган, айылдаш, санаалаштарына кызмат берип, эч кимисинин көңүлүн калтырган эмес эле. Сокең азыр эле өкмөт үйүнө өзүнүн жакын санаалаштарын толтуруп алганына эл нааразы. «Бакиевдердин өңдөрүн көрбөсөк да, анын кландык башкаруу системасын кайра көрөбүзбү?» – деп чочуркаган кишилердин сөзүн көп укмай болдук. Алакандай кыргыз элибизге жакшы иштеп берген, Кыргызстанды өнүктүрөм деген инсандар четте калып эле, бир ууч топ башкарган заман болду. Сооронбай мырза өзү адамкерчиликтүү, иш билги инсан болгону менен, туугандык, жердештик деген оорудан алыс боло албайт окшойт. Кайран киши. Анын азыртадан эле өкмөттүн аппаратына өз кишилерин топтоп алганын билген партиялаштары СДПКнын курултайында Иса Өмүркуловдун талапкерлигин сунуштап чыгуунун аракетин көрүп жатышканын кулагыбыз чалды. Жыйынтыгын убакыт көрсөтөөр…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ