2017-жылдын 12-июлунда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев сыйлык тапшыруу аземинде, адам укугун коргоого, гендердик теңсиздик жана мыйзам үстөмдүгүндөгү талыкпаган көп жылдык ишмердүүлүгү үчүн “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскуловага “Даңк” медалын тапшырды.
Рыскулова – өлкөдөгү социалдык айымдар кыймылынын лидери, Борбордук Азиядагы аялдар жана алардын балдарынын гендердик теңсиздиктен жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоочу уюмдун жетекчиси жана да Кыргызстандагы “Сезим” кризистик борборунун негиздөөчүсү.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ