Menu

Назарбаев коомду дестабилдештирүү аракеттерин алдын алууга чакырды

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев күч органдарын коомдогу туруктуулукту бузуу аракеттерин алдын алууга чакырды. Мындай билдирүүнү Назарбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин 25 жылдыгына арналган салтанат маалында билдирди.

«Жаңы геосаясий реалдуулук бизди дайыма кыраакы болууга үйрөттү. Биздин өлкө менен улуттук коопсуздук үчүн эл аралык террордук жана диний-экстремисттик уюмдар тарабынан колдоого алынып жаткан радикал топтордун баш көтөрүүсү олутуу чакырык болду,— деди Назарбаев.

Мамлекет башчы мындай көрүнүштөргө каршы аёсуз күрөштү бүткүл казак коому чечкиндүүлүк менен колдогонун белгиледи. “Бул ишенимди биз коомдогу туруктуулукту буза турган кандай гана аракет болбосун, алардын алдын алуу боюнча системалар жана натыйжалуу ишмердүүлүктөр менен акташыбыз керек», – деп кошумчалады Назарбаев.

Анткен менен сынчылар Казакстан бийлиги коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен көпчүлүк учурларда адам укуктарын бузуп, диний эркиндиктерди, ошондой эле ММКлардын эркиндигин чектөөгө бара турганын айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: