Menu

Генерал Өмүралиев да жоо-жарагын камданып, Сариевдин штабына келип кошулду

Бөлүшүү:

Кочкордон чыккан айбаты катуу генерал, офицерлер арасында кадимки генерал Исмаил Исаковго «тиш салгандыгы» менен белгилүү болгон экс-коргоо министри Таалайбек Өмүралиев да алдыдагы президенттик шайлоодо түндүктүк талапкер Темир Сариевге жардам берүүгө бел байлады. Ушул күндөрү башкы «акшумкарчы» менен позициясын бекемдеп алган генерал-майор Өмүралиев бүгүнтөн тарта кичи мекениндеги штабдарды уюштуруу, кадыр-барктуу, демилгелүү жаштарды катарларына тартууга киришмекчи. Министр кезинде Кочкордон чыккан айрым космополиттер сымал элинен ага-тууганынан кол үзбөгөн генерал бул жолу өзү сүрөөнгө алган талапкерине кыйла эле добуш алып берсе керек. Жердештери да бир кездери жакшылыгын көргөн кулунун уят кылбай, шайлоодо кыйла жардам беришеби? Баса, жакынкы күндөрү Теңир-Тоодон чыккан аттуу-баштуу Бейшен Болотбеков, Турдубек Мамбетов, Таалайбек Өмүралиев өңдүү үлкөндөр Нарын облусун түрө кыдырышып, ага-тууган, дос-тааныштарын Темикеге карай «буруп келишээри» кабарланды. Кармаш кызуу нукта уланчудай болуп калды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: