Menu

Фото – ОшМУнун 2 студенти Ысык-Көлгө чөгүп кетти

Бөлүшүү:

19-июль күнү болжол менен саат 13:00дө Түп районунда ОшМУнун 2 студенти Ысык-Көлгө чөгүп кетти. Ынтымак айылында жайгашкан “Үмүт” (мурдагы “Факел”) пансионатында көлдө 4 бала катамаран менен жүргөн. Алар жээктен белгилүү бир аралыкка алыс сүзүп жүрүшкөндө катамаран сууга оодарылып кеткен.  Андагы эки баала жээкке чейин сүзүп келишкен, ал эми калган экөө чөгүп кеткен.

Куткаруучулар саат 14:15те 1994-жылы туулган А.у.Нурмухамеддин жана 16:27де 1996-жылы туулган А.Бектургандын жансыз денесин табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ОшМУнун студенттеринин айтымында, Бектурган жана Нурмухамед окуу жайдын активисттери болгон жана алар спорт менен машыгып жүрүшкөн.

Маалыматка караганда ОшМУнун студенттер тобу Ысык-Көлгө “Ынтымак кербени 2017” деп аталган иш чаранын негизинде келген. Ал топтун курамына активдүү жана жакшы окуган студенттер кирген. Алардын маршруту Ош—Жалал-Абад—Талас—Чүй—Ысык-Көл болгон.

ЖОЖдун жетекчилиги азырынча болгон окуяга коментарий бере элек.

Нурмухамеддин сүрөттөрү:

Бектургандын сүрөттөрү:

Балдардын сөөктөрүн моргго алып кетишти. Жалпысынан куткаруу иштерине 5 киши тартылган. ӨКМдин райондук бөлүмүнүн жетекчиси Б.Казакбаевдин айтымында чөккөндөр Жалал-Абад жана Ош облусунда төрөлгөн. Райондун акими С. Исмаилов маркумдардын сөөктөрүн кичи мекендерине жеткирүү үчүн бардык тиешелүү чаралар көрүлөөрүн белгиледи.

turmush.kg сайтынан кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: