Биздин гезиттин кызматкерлерине (ред. “Азия Ньюс”) аттарын атабоону өтүнүшкөн айыл чарба тармагыбызга үлкөн салым кошушкан аттуу-баштуу, илимий чөйрөдөгүлөрдөн өйдө камактагы экс-аграрчы министр Бекболот Талгарбековго карата ажобуз кетээринде ырайым кылып койсо дегендей өтүнүч пикирлерин жолдошууда. Кай бирлерге жагабы-жакпайбы, чынында эгемендүү өлкөбүздүн агрардык реформасынын башында Бекболот Талгарбеков турганы, кезегинде анын реформаторлук жүрүштөрүнүн үзүрүн бүгүн талыкпай эмгектенишкен миңдеген дыйкан-фермерлер көрүп жатышканы чын да, же жалганбы? Бу жалганда мүдүрүлүп, жаза баспаган ким бар дейсиз? Айрымдарыбыздын жаңылыштыгын мүдүрүлөр замат үстөккө-босток ур-тепкиге албай, кекчилдиктен бийик боло, урпактарга үлгү көрсөтсөк болбойбу? Алмазбек Шаршенович ак көңүл жан эле, балким камактагы аграрчы министрге кетээринде жибип, жумшак мамиле кылса жарашат беле?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ