АКШнын президенти Дональд Трамп дагы бир жолу сексисттик оюн айтып жатып сынга кабылып калды. Бул жолу ал Франциянын биринчи айымы Бриджит Макрондун кымча белин одоно мактап жатып айтты. Мындай маалыматты германиялык журнал Focus билдирди.
Окуя америкалык лидер өз жубайы менен бүгүн, 14-июлда Францияга болгон мамлекеттик сапарында болду. Эмануэль жана Бриджит Макрон конокторго майыптардын үйүн көрсөтүшкөн жана коштошоор убагы келгенде Трамп “убакытты жакшы өткөргөнүн” билдирип Бриджит тарапка карап, колу менен анын белин кайталаган жаңсоо жасаган. “Сиз билесизби, сиз ушунчалык жакшы формадасыз. Керемет!” – деп да кошумчалаган Трамп. Бул окуянын эң эле кызыгы дал ошол учур француз президенти Макрондун Facebookтагы баракчасында түз эфирде көрсөтүлүп жаткан.
Бриджит Макрондун ал учурдагы жүзүн көрүүгө мүмкүн эмес болуп калды, себеби ал камерага арты менен турган. Бирок “Трамптын сөзүнөн кийин ал Мелания Трамптын колунан кармап артка кичине кадам жасады” деп билдирет кабарчы.
Мындай сөздөр официалдуу сапар менен чет өлкөдө жүргөн саясатчылар үчүн туура эмес экени макалада жазылган жана соц.тармактагы колдонуучулар да буга кыжыры келгендерин билгизишкен. Ал эми аялдар Трамптын мындай сексисттик ишараатын катуу сынга алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ