Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орунбасары Азамат Оросбаев ИДП көлөмү акыркы алты айда 194 млрд, сомду түзүп, 6,4%га өскөнүн билдирди. Анын айтымында ички дүң продукциянын көлөмү 2017-жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 194 млрд, сомго жакынды түзгөн. «Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын 6 айында 173 млрд, сомду түзүп, 3,1%га өскөн. 2017-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 105 млрд, сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,6%га өскөн. Өндүрүш негизги металлдарды иштетүү, темир кенин жана тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн эсебинен жогорулаган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ