Быйыл беш ай ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2 миллиард сомдук ипотекалык насыя 1410 адамга берилди. Бүгүнкү күндө ипотекалык насыя жылына 10-12% үстөк менен берилип келет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди. Германиянын Өнүктүрүү банкы дагы 11 млн. евро бөлүп берүү алдында турат. Өкмөт каражатты грант катары алып, Каржы министрлиги келген акчаны Мамлекеттик ипотека компаниясына котормокчу. Түшкөн каражаттын бир бөлүгү айыл жергесинде үйлөрдү салууга жумшалат. Кыргыз өкмөтү “Арзан турак жай” программасын ишке ашыруу үчүн былтыр Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзгөн. Муну менен бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай алуу, куруу үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берүү каралган. Коомчулукта бул шарттар мамлекеттик кызматкерлерге ыңгайсыз деген пикирлер арбын чыккан.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ