Menu

Милиция фотоаппарат уурдаган баланы кармады

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Себеби, 2017-жылдын 6-июлунда болжол менен саат 04:00до белгисиз жаран Бишкек шаарыбыздын кафелеринин биринен үстөлдүн үстүнөн баасы 29 миң сом турган фотоаппаратты уурдап кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы маалымдайт.

Биринчи май РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка тиешеси бар жаранды кармашкан. Шектүүнүн өздүгү такталып, ал 23 жаштагы И.Н. кафенин кызматкери болуп чыккан. Тергөө учурунда кафеден видео көчүрмө алынган жана видеого кылмыш ишин кылган учуру чагылдырылып калган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү сот тарабынан туугандарынын жоопкерчилиги алдында койо берилген. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: