Menu

Дүйшөнбек Зилалиев менен Индира Жолдубаеванын назарына

Бөлүшүү:

Өкмөт алдындагы өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетке тиешелүү болгон «сырдуу схемалар» боюнча бир катар коррупциялык иштер тууралуу маалыматтардын чыгып жатышын кайда катабыз? Эмесе, иштин ток этерине өтүп, тиешелүү жетекчилерге гезит (ред. “Азия Ньюс”) аркылуу суроо берип көрөлү. Балким башкы прокуратуранын өкүлдөрү менен биргеликте гезит аркылуу берилген суроолорубузга бирге жооп издейттирбиз.

Өкмөт алдындагы өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетте ушул күндөрү Алтынбек Дүйшеев, Мелис Сатыбеков аттуу башкармалыктын жетекчилери боюнча ишиндеги «кылтың-мылтың» жүрүштөрдүн калкып чыгып жатканын кандай түшүнөбүз?

Тагыраагы, Талас облусу менен Чаткал району чектешкен аймакта кен чыгуучу жайды «Жамгыр ресурс» аталышындагы компания изилдөө үчүн лицензия алып, бүгүн аталган аймакта экологиялык, коопсуздук нормалары сакталбай, көз көрүнө мыйзамды тебелөө менен иш жүргүзүп жаткандары чынбы? Анан калса бул талаштуу тилкенин өзү да «сырдуу схемалар» менен тең экиге бөлүнүп, тиешелүү эреже, талаптардын сакталбай иштелип жаткандыгы кандай? Бул жайдагы дал ушундай ыраатсыздыкка жогорудагы Алтынбек Дүйшеев, Мелис Сатыбеков аттуу өкмөт алдындагы өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин тиешелүү жетекчилери жол беришип, жыйынтыгында мамлекеттин казынасына миллиондорду залал келтиришкени аныкталабы? Тармактагы дал ушундай коррупциялык схемаларды күч органдары аныктап, таап бергенине карабай иш башкы прокуратуранын «үстөл үстүнө» түшөөр замат прокурорлор тарабынан кылмыш иши козголбой, «жым-жым» тейде жабылып калганы чынбы? Же алкымы бузук прокурорлор бул сырдуу түйүндү «бармак басты, көз кысты» аркылуу башкы прокурор Индира Жолдубаевага жеткирбестен жаап коюшканбы? Айтор, суроолор көп. А эң башкысы бул сырдуу схеманын учугу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентгиктин мурдагы башчысы Ишимбай Чунуевге барып такалбайбы?

Биз болгону жогоруда тиешелүү жетекчилерге карай бизге түшкөн маалыматтардын негизинде суроолорду гана бердик. Өкмөт алдындагы өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева бул тууралуу эмне дейт? Эгер булардын бере турган жообу болсо, анда аны да тыңдаганга даярбыз.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: