Польшанын Варшава шаарында Poland Open 2017 аттуу кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Гран-при мелдеши өттү. Айсулуу Тыныбекова (58 кг) финалдык мелдеште Рио олимпиада чемпиону америкалык Хэлэн Марулис менен чыгып, беттешүү акырына чыкпай калган. Айсулуу оң ийнинен катуу жаракат алып, мелдеш уланбай, күмүш медалга арзыган. Бул боюнча машыктыруучусу Нурбек Изабеков «Айсулуу азыр физиодарылануу алып жатат. Польшада булчуңу бир аз чоюлуп калды. Балбандар күрөшкөн учурда мындайлар бат-бат болуп турат. Эч бир коркунуч деле жок. Мурун да ушундай болгон, эски травма десем болот. Айсулуу күрөштү уланта берсе болмок. Бирок, мен уруксат бергеним жок. Бул мелдеш дүйнөлүк мелдешке болгон кезектеги даярдыктын бири болчу. Азыр алдыда эң негизги мелдешибиз Франция өлкөсүндө өтө турган дүйнөлүк чемпионат. Биз ушуга кам көрүшүбүз керек» деди.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ