Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийн Баттулга өзүнүн статусуна ылайык Их Тэнгэрдеги мамлекеттик резиденцияда монгол парламентинин спикери Миеэгомбын Энхболд жана премьер-министр Жаргалтулгын Эрдэнэбат менен катарлаш жашоодон баш тартты. Бул туурасында “Монголия азыр” маалымат агенттиги билдирет.
Акыркы 63 жыл ичинде Монголиянын жетекчилери — Юмжагийн Цэдэнбал, Жамбын Батмунх, Пунсалмаагийн Очирбат, Нацагийн Багабанди, Намбарын Энхбаяр и Цахиагийн Элбэгдорж баары Богдо уул деп аталган тоодо өзгөчө кайтарылган аймакта жашашкан.
Баттулга болсо Борбордук почтага карама-каршы жайгашкан мурда Ю.Цеденбалдын кышкы квартирасы болгон үйгө турууну чечти.
Мамлекет башчы жумушка жөө барып келүүнү чечти, ал үйдөн жумушка жолдун аралыгы болгону 400 метрди түзөт.
Президенттин администрациясы бул окуядан кийин көптөгөн башка чиновниктер дагы сабак аларына, килтейген джип унаалардан жана башка кымбатка турган ысырапкерчиликтен баш тартаарына ишенүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ