Menu

Эдил Байсалов: “Чыныбай неге чалынды? Ал байкушка Атамбаев 5 жылдан бери “кийинки президент – сен болосуң” деп келген. Ал бул сөздү Чыныбайдан башка дагы 10 кишиге айтып жүргөн”

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-июлда коомдук ишмер Эдил Байсалов КСДПнын съездинде сүйлөп жаткан Чыныбай Турсунбековдун сөзүн башынан аягына чейин өзүнүн Twitterдеги баракчасында комментарийлеп турду. Төмөндө биз Байсаловдун микропостторун тартуулайбыз:

“СДПКнын съездинде Чыныбай Турсунбеков сүйлөп жатат, өзүнүн эмгегине жогорку баа бергендиги үчүн Икрам Илмияновго алкыш айтып жатат.”

“Чыныбай Турсунбеков: ”Эгер президенттик шайлоого СДПКдан бир талапкерге караганда эки талапкер чыкса алган добуштарыбыз да эки эсе көп болот” деп жатат”.

“Чыныбай кайсы жоопкерчилик тууралу айтып жатат? Ошол өзүң айтып жаткан, жоопкерчиликти билбеген өкмөт башчыларына – Жантөрө Сатыбалдиевге, Жоомарт Оторбаевге, Темир Сариевге жана Сооронбай Жээнбековго мандатты сен өзүң колмо-кол тапшырбадың беле!”

“Чыныбайды “чык эшикке, эй!” кылып жатышат. СДПКнын съездиндеги супер драма!”

“Чыныбай орусча жазылган кайдагы бир докладды тырышып окуп жатат. “Президент камертон болуш керек, бла, бла, бла” дейт. Залдагы делегаттар болсо “регламент” деп сөзүн үзүп жатышат.”

“Съезддин чечими чыкканга чейин ар ким өз оюн айтууга акылуу, чечим чыккандан кийин чечимди колдоого милдеттүү!” деп сөзүн аяктады Чыныбай. Муну кандай түшүнсө болот?”

“Фарид талкуу сөздөрдү токтотуп, съездди тездетилген темпте бүтүрүүгө жанталаша баштады”.

“Фарид Ниязов СДПКнын съездинин президиумун Максим Бакиев ЦАРИИни маалымат жыйынында кандай олтургузса ошого куюп койгондой окшоштуруп олтургузуптур”.

“Чыныбай айтып жатат: “Бизге реформа абадай керек… реформаларды жасоо убактысы келди” – ооо! Орусча текстти ким жазып берген буга? ааа!”

“Кыязы сырттан келген жат киши жазып берсе керек. Акча бар, чо. Залдагылар кыйкырганына карабай жаздырган текстин аягына чейин окуп берди. Жалпысынан климатты жакшыртууга убада кылды.”

“Чыныбай эмнеге чалынды, билесиңерби? Анткени бу кайранга Атамбаев 5 жылдан бери “кийинки президент – сен болосуң” деп кайра-кайра кайталап, кулагына сиңирип келген. Ал бул сөздү Чыныбайдан башка дагы 10 кишиге айтып жүргөн.”

“Атамбаевдин бардык президенттикке талапкерлери биринин артынан бири эми көзү ачылып, реалдуулукту түшүнүштү – өлкөнү шоопур башкарарын жана мураскерди да шоопур тандаары эми жетти аларга”

“СДПКнын тизмесинде номиналдуу гана N1-болуп жүргөн Чыныбай байкуш чын эле мен партиянын мотору, үмүтү жана абийири деп ишенип алса керек.”

“Бул партиянын бөлүнүп-жарылуусу эмес! Бул аларда башынан эле болуп келаткан шизофрения.”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: