Кыргызстанда 2016-жылы залалдуу шишик оорусу менен 5 миңден ашык кишиге жаңы диагноз коюлуп, алардын үч жарым миңи каза тапты. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнист Тилеков маалымдады. Анын айтымында, бул оорудан улам каза болгондордун саны жогору болушуна бейтаптардын ооруканага кеч кайрылуусу башкы себеп болуп жатат. «Ракка чалдыккан кыргызстандыктар оору үчүнчү же төртүнчү стадиясына өтүп кеткенде гана дарыгерге кайрылышып, алардын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой жатат. Бизге кайрылгандардын дээрлик 60-70 пайызы ушундай, саламаттык маданиятыбыз өнүкпөй жатат» деди Тилеков.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ