Күздө өтө труган Президенттик шайлоонун үгүт иштерин чагылдырууга ниети менен БШК арыз берген ЖМКнын жалпы саны 260ты чапчыды. Анын ичинен эки гана интернет-сайты катоого алынган эмес. Түрлөрүнө бөлө келгенде, бул жагынан гезиттер алдыга озуп, алардын саны 114тү чапчыган. Ал эми телеканаладардын саны 55, радиолордун саны 31, интернет сайттардын саны 58ге жеткен. Эмне мынча көп деп таң калбай эле коюңуздар. Шайлоо маселесин канчалык ЖМК көп чагылдырса, ошончолук таза өтөт. Бирок гезиттердин саны абдан көп экенин айта башташты. Айта берсин. Бүгүнкү учурда БШКдан өткөн 114 гезиттин жарымынан көбү “өлүкжандар” болуп эсептелет. Эл алардын атын да, жытын да билишпейт. Жарык көрүп, чыкпаса кайдан билет эле? Андайлар болгону шайлоо алдында “акча таап калалы” деген ниет менен “тириле калышат”. Шайлоо бүткөн соң кайра шалпайышат. Көрөсүздөр эмки шайлоодо гезиттердин саны азайып, сайттардын саны көбөйөт. Себеби, азыркы заман интернеттин заманы болбодубу.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ