Ипотекалык насыя ала тургандардын саны сегиз миңге жетти. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 1410 жаран насыя алды. Ошондой эле үч миңге жакын адам документтерин тапшырып, банктарга кайрылбай жатат. Ал эми 1500 жаран насыянын мөөнөтүн узартып берүүнү суранууда. Бишкектен же Оштон үй алууга документтерин тапшыргандардын 1800үнүн башка аймактарда турак жайлары болгондуктан, тизмеден алынышкан.
Булак: «Азия Ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ