Menu

Төрөбаевдин популисттик кадамыбы же реалдуу демилгесиби?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо жакындаган сайын, өлкө башчысы болом деп чамынгандардын катары калыңдап жатат. Арасында саналуусу гана президент болууга татыктуу. Калганы керек болсо шайлоонун 1 миллион сом күрөө фондун төлөй албай элден акча сурап жүрүшөт. Өз керектөөсүн камсыз кыла албагандар, бүтүндөй өлкөнү башкарып, кантип эл багышат? Демек, шайлоодо жаңылбай туура тандоо жүргүзүү бүгүнкү учурдун күрөө тамыры болуп турат. Азыркы тапта, президентикке аттангандардын ичинен «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев гана конкреттүү программа сунуштарын айтып чыкты. Алсак, мамлекеттик аппаратты каржылоо чыгымын 25%, президенттик аппараттын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чыгымдарын 50% кыскартып, жеңилдиктерден баш тартып, керек болсо кортежди жоёрун билдирди. Үнөмдөлгөн каражат – дүйнөнүн эң алдыңкы университеттерине таланттуу жаштарыбызды окутууга, алардын контрактарынын төлөнүшүнө, стипендия алышына багытталаарын, билимдүү жаштар Кыргызстанды өнүктүрүп, өстүрөөрүн белгилеп, келечекке кам көрүп жатат. Албетте, мындай чечкиндүү кадамды колдогондор арбын. Ошол эле кезде популисттик кадам катары карагандар да жок эмес. Бирок баарына мезгил тараза экенин эске алсак, Төрөбаевдин айтканында данек бар…

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: