Menu

Казакстандагы сынакта Кыргызстандын жол кыймылынын жаш инспекторлору катардык кароо боюнча биринчи орунду алышты

Бөлүшүү:

Казакстандын Усть-Каменногорск шаарында өтүп жаткан эл аралык Жол кыймылынын жаш инспекторлору сынагында катардык кароо боюнча Кыргызстандын командасы 1-орунду алышты. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстан командасынын жетекчиси Тилек оторов Билим АКИpress сайтына билдиргендей, Нарындан барган команда катардык кароо боюнча калыстар тобунун эң жогорку упайына ээ болушту.

«Жол кыймылынын жаш инспекторлору сынагы уланууда, кечээ биздин команда «Жолдо жүрүү эрежелеринин билгичтери», «Алгачкы медициналык жардам» сынактарынан өтүштү. Ошондой эле командалар кезеги менен «Катардык кароо», «Фигуралык айдоо» жана «Велосипедди автошаарчада айдоо» сынактарынан өтүштү».

Катардык кароодо катардык басуу, команда мүчөлөрүнүн фирмалык кийими каралат. Фигуралык айдоо бир кезде жүргүзүлөт. Фигуралардын баарынан так жана катасы жок айдап өтүү керек, ал эми «Автошаарчада айдоодо» автошаарчадан бардык жолдо жүрүү эрежелерин сактоо менен айдоо керек. Биздин команда жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат, жеңишке ишенебиз», – деди Тилек Оторов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: