Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылындагы Кодиков көчөсүндөгү 12 турак жайга сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралып жаткан узундугу 240 метр сел каналды казып тазалоо жана цемент менен бетондоо жумуштары үчүн КР ӨКМ тарабынан 29800 кг цемент, 4285 кг арматура жана 300 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилип, жергиликтүү айыл аймак тарабынан 1 бирдик эксковатор техникасы жана 20 адам жумушка тартылып бүгүнкү күнгө аталган сел канал толугу менен казып тазаланды. Бул туурасында ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 16-июлунан баштап бетондоо жумуштары аткарылат.
КР ӨКМ жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында Саргата айылындагы 12 турак жай жана ички чарбалык автоунаа жолу корголду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ