Америкалыктардын 36% гана АКШ президенти Дональд Трамптын ишмердүүлүгүнө оң бааларын беришүүдө. Коомдук пикирди сурамжылоону The Washington Post гезити менен ABC News телеканалы биргеликте жүргүзүшкөн.
Президенттердин мындай төмөнкү рейтинги АКШда 70 жыл мурун катталган. Бул арада Трамптын антирейтинги апрелден тарта 58% чейин жогорулаган. Ошол эле маалда респонденттердин 48% Трампты кескин сындоочулардын катарына кирет.
Анкетада “Дональд Трамптын уулу менен күйөө баласы шайлоо кампаниясы учурунда орусиялык юрист Наталия Весельницкая менен жолугушуусу этикага жатабы” деген суроого респонденттердин 63% “жок” деп жооп берген.
Сурамжылоого катышкандардын 41% Трамптын жардамчылары Орусиянын шайлоо кампаниясына кийлигишүүсүнө шыкакчы болушкан деп эсептешет. Респонденттердин 44% Кремлдин жигердүү ишмердүүлүгү республикачыл талапкерге пайда алып келгенин божомолдоодо. Америкалыктардын 48% Трамп Путинге тең эмес деген пикирде.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ