ИМ тобуна кошулуп кеткен Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрүнүн мурунку колбашчысы Гүлмурод Халимовдун ысымы Интерполдун сайтындагы издөөгө алынгандардын тизмесинен өчүрүлдү.
Интерпол Халимовду 2015-жылдан бери издөөдө. Эл аралык кылмыш полициясынын веб-сайтынын “Тажикстан” бөлүмүндө 16-июлга карата 100 киши бар. Издөөгө алынгандардын катарында тыюу салынган Тажикстан кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири дагы бар. Тажик бийлиги аны терроризмге жана кылмыштуу топту түзүүгө айыптап келет.
Тажикстан бийлиги Гүлмурод Халимов азыркыга чейин издөөдө экенин жана эмне себептен ал Интерполдун тизмесинен чийилгенин билбей турганын маалымдады. Халимовдун ысымы жана сүрөтү Тажикстан ИИМинин расмий сайтында ал кармалганча же өлгөнү тастыкталганча тура берет.
Халимовдун ысымы эл аралык полициянын тизмесинен алынганы Интерпол бюросунун Тажикстандагы өкүлү үчүн дагы күтүүсүз болду. “Бул мүмкүн эмес, себеби ондогон башка тажикстандыктар сыяктуу эле ал дагы издөөдө. Азырынча эч ким анын кармалганы же өлгөнү тууралуу расмий маалымат бере элек. Сыягы, бул жерде техникалык ката кетип калган”,- деди ал.
Тажикстандын Ички иштер министрлгинин атайын күчтөрүнүн колбашчысы Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп кеткен. Кийин ошол эле жылы май айындагы видео кайрылуусунда ал бийликтин саясатына каршы чыгып, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганын айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ