Menu

Адахан Мадумаровдун тарапкерлери Казакстанда марафон өткөрүп, анын шайлоо фондуна каражат жыйнап жатышат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда президенттик шайлоого ат салышарын билдирген Адахан Мадумаровдун тарапкерлери Казакстанда марафон өткөрүүдө. Алардын максаты Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер төлөй турган 1 миллион сом күрөөнү топтоо. Уюштуруучулар кабарлашкандай, алгачкы марафон Алматыда 14-июлда уюштурулду. Мындан ары башка аймактарда өтөт.

Марафон уюштуруу Казакстанда иштеп жаткан кыргыз мигранттардын демилгеси экени, Мадумаровдун ага тиешеси жок экени айтылат таратылган маалыматта.

Эрежеге ылайык, пезидент болуу дымагы бар киши Борбордук шайлоо комиссиясына катталуу үчүн 30 миң кол топтошу, мамлекеттик тилден сынак тапшырышы жана күрөөгө 1 миллион сом коюшу кажет.

Адахан Мадумаров буга чейин күрөөнү төлөөгө кудурети жетерин билдирген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октбярда өтөт. Тактыга ат салышуу ниети бар 30 чамалуу киши БШКга арыз берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: