Menu

Жалал-Абад облусундагы имамдар аттестациядан өтүштү

Бөлүшүү:

2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу максатында жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын № 166 буйругунун негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Соолихийн” борбордук мечитинде облус боюнча имамдардын аттестациясы өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Муфтияттын алдында түзүлгөн аттестациялык комиссиянын төрагасы Марс ажы Ибраевдин айтымында имамдардын билим деңгээлдери жогорулап, коомчулук менен иш алып баруусу жакшырган.

– Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусундагы 222 имам аттестациядан ийгиликтүү өттү десек болот. Жалпысынан имамдарыбыз жакшы көрсөткүчтөрдү бере алышты. Дин кызматкерлери квалификациялык курстарга барып, тажрыйбалары бекемделгендиги аттестациялоо ишинин жүрүшүндө байкалып турду,-деди Марс ажы Ибраев.

Аттестациялык комиссиянын курамына Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Марс ажы Ибраев, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, фатва, хутба жана мечиттер бөлүмүнүн адиси, аттестациялык комиссиянын катчысы Токтогазы уулу Бактияр, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Шамралиев Нурбек Болотович, КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, БТКнын мүчөсү Исаков Улан, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз кары, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Жанарбекович да байкоочу катары катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: